Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Бакиров Өзбекстанга элчи катары Иминов жең ичинен дайындалып жатканын айтып чыкты


Мамасадык Бакиров.
Мамасадык Бакиров.

Кыргызстандын Өзбекстандагы жана Венгриядагы элчилигине талапкерлер Фархат Иминов менен Талант Кушчубековго парламенттин Эл аралык комитетинин тогуз мүчөсү сурамжылоо жолу аркылуу кол коюшту. Бул тууралуу парламент отурумунда депутат Мамасадык Бакиров билдирип чыкты.

"Өткөн дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчилигине талапкерлер Эл аралык комитеттин күн тартибине киргизилген. Бирок, белгисиз себептер менен комитеттин кароосунан чакыртылып алынган. Бүгүн маалымат келип жатат, сурамжылоо жолу аркылуу комитеттин тогуз мүчөсү кол коюп, ал талапкерге уруксат бериптир. Бул мыйзамсыз нерсе. Көргөзүлгөн талапкер ким, кандай иштер козголгон, кайда качып жүргөн билесиздер. Иминовду Өзбекстанга элчиликке жең ичинен кол топтоп өткөрүптүр".

Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинен бул боюнча маалымат бере албасын билдиришти. Аталган комитетти депутат Тазабек Икрамов жетектейт.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Эл аралык комитети 13-декабрда Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлерди кароону күн тартибинен алып салган. Комитеттин айрым мүчөлөрү бул маселени Жогорку Кеңештин жаңы курамы карай турганын билдирген.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Фархат Иминов, Венгриядагы элчиликке Талант Кушчубеков сунушталган.

Иминов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, 2018-жылы мандатын тапшырган.

Талант Кушчубеков буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп 2018-жылдан бери Ибрагим Жунусов иштеп келген. Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги жаңы ачылды.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG