Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Кумтөрдө кен казуунун көлөмү 185 млн.тоннадан ашканы айтылды


Кумтөр кени. 2021-жылдын ноябрь айында тартылган сүрөт.
Кумтөр кени. 2021-жылдын ноябрь айында тартылган сүрөт.

“Кумтөр Голд” жабык ационердик коому 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Анда 2021-жылдын 11 айында кен казуу иштеринин көлөмү 185,6 млн. тоннаны түзгөнү ишкананын “Фейсбуктагы” баракасына жарыяланды. Бул 2020-жылга салыштырмалуу эки эске көп.

Кумтөргө сырттан башкаруу кирген мезгилден тартып муздарды талкалоо 2020-жылга салыштырмалуу 60% кыскарган.

Бардык тоо-кен иштери коопсуздук эрежелерин сактоо менен жүрүп жатканы, таштанды жайгашкан аймакка үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүп туруу үчүн кошумча эки радиолокациялык радарларды сатып алуу чечими кабыл алынганы жазылган.

Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, өндүрүштүк-финансылык ишмердиктин жыйынтыгы боюнча толук жана жаңыланган маалымат 2022-жылдын башында жарыялана турганы айтылган.

“Кумтөр кени туруктуу, үзгүлтүксүз, штаттык режимде иштеп жатат. Бардык салыктар жана бюджетке төлөнүүчү милдеттүү төлөмдөр өз убагында жана толугу менен төлөнүүдө”, - деп билдирген "Кумтөрдүн" тышкы менеджери болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда жергиликтүү тургундар менен жолугушканда “Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше январга карата 300 миллион долларга жетерин айткан.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

"Центерра" компаниясы кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

"Центерра" менен эл аралык арбитражда сот уланууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG