Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:06

Түркияда лиранын наркы көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган чукул чараларды көрөрүн жарыялагандан кийин лиранын доллар менен еврого карата наркы кескин көтөрүлдү. 20-декабрда жасаган билдирүүсүндө президент кандай чаралар көрүлөрүн тактаган эмес. Ошол эле күнү лиранын куну 20% көтөрүлүп, 21-декабрда бир доллар 11,61 лирага барабар болду.

Ноябрдан тартып лира кунун кескин жогото баштаган. Ал эми 20-декабрда буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге түшүп, бир доллардын баасы 18,41 лирага чейин жогорулады.

Өткөн айдын аягында полиция Стамбулда жана Түркиянын башка бир катар ири шаарларында баалардын кымбатташына каршы чыккан митингчилерди кармаганы кабарланган. Анда ондогон адамдар камакка алынган.

Митингге чыккандар Түркияда акыркы бир нече айдан бери лиранын куну түшкөнүнө жана экономикалык кризиске бийликти күнөөлөп, президент Режеп Тайып Эрдогандын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышкан.

Лирага байланышкан абал Түркияда иштеген борбор азиялык мигранттарга катуу сезилип, алар тапкан акчасы эч нерсеге жетпей жатканын айтып жатышат.

Түркиядагы кыргызстандык мигранттардын көбү кыз-келиндер, дээрлик көпчүлүгү минималдуу айлыкка иштейт.

Быйыл 1 миллион 200 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинен каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG