Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:24

Быйыл Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ысымдар көп коюлду


 Санарип өнүктүрүү министрлиги тараткан сүрөт.
Санарип өнүктүрүү министрлиги тараткан сүрөт.

2021-жылы Кыргызстанда миңден ашык ымыркайга Токиодогу Олимпиада оюндарында ийгилик жараткан спортчулардын ысымдары ыйгарылган. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги билдирди.

2021-жылы төрөлгөн 414 уул балага Акжол, 374 кыз балага Мээрим, 324 кыз балага Айсулуу, 279 кыз балага Айпери деген ысым ыйгарылган.

Октябрь айында төрөлгөн үч эм кызга дагы ата-энеси балбан кыздардын атынан Айсулуу, Мээрим жана Айпери деген ысым беришти.

2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш байге, Мээрим Жуманазарова коло байге уткан. Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген.

Күрөш боюнча Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону аталып, Айпери Медет кызы коло байге уткан.

Буга чейин Санарип өнүктүрүү министрлиги 2021-жылы Кыргызстанда наристелерге эң көп коюлган ысымдарды жарыялаган.

Эркек балдарга эң көп коюлган 10 ысым:

  • Мухаммад - 4537
  • Умар - 4132
  • Али - 2632
  • Амир - 2164
  • Билал - 2129
  • Алихан - 2112
  • Алинур - 2063
  • Нурислам - 1910
  • Эмир - 1681
  • Усман - 1481.

Кыздарга эң көп коюлган 10 ысым:

  • Салиха - 3107
  • Раяна - 2864
  • Амина - 2604
  • Фатима - 2436
  • Айлин - 2383
  • Алия - 2040
  • Сафия - 1968
  • Аруузат - 1928
  • Хадича - 1894
  • Альфия - 1731.

2020-жылы балдарга эң көп коюлган ысым Умар, кыздардыкы Раяна болгон. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG