Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Орусия Германиянын эки дипломатын "персона нон-грата" деп жарыялады


Москвадагы немис элчилиги.
Москвадагы немис элчилиги.

Орусия Берлиндин өткөн аптадагы чечимине жооп кылып, Германиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарарын жарыялады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 20-декабрда билдирди.

"Германиянын Орусиядагы эки дипломатиялык кызматкери "персона нон-грата" деп жарыяланганы тууралуу немис элчисине кабар берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Орус тарап бул кадам Германиянын "достукка жетпеген чечимине" жооп болгонун белгиледи. Бирок немис дипломаттары Орусиянын аймагынан качан чыгып кетиши керек экенин тактаган жок.

15-декабрда Германиянын бийлиги Орусиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарган. Мындай чечим немис соту мурдагы чечен командири Зелимхан Хангошвилинин (Торнике Кавтарашвили) киши колдуу болушу боюнча орус жаранын өмүр бою абакка кескенден көп өтпөй жарыяланган.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Орусиянын Хангошвилини өлтүрүүгө аралашканын Германиянын мыйзамдарына жана суверендүүлүгүнө олуттуу деңгээлде шек келтирген аракет катары мүнөздөгөн.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвилини 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында атып кетишкен. Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

Bellingcat иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини "мыкаачы, канкор" деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG