Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Кыргызстан менен Индия Бишкекте IT борборун ачууну макулдашты


Кыргызстандын жана Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Жайшанкар 19-декабрда Нью-Дели шаарында өткөн “Индия-Борбор Азия” диалогунун алкагында жолугушту.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер ар тараптуу кыргыз-индия кызматташтыгын талкуулашты. Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун “Индия - Борбор Азия” саммитинин алкагында 2022-жылдын январында Индияга боло турган иш сапарына даярдыкты да сүйлөштү.

Индия Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кызматташуунун жогорку деңгээлине көтөрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Эки өлкөнүн дипломаттары Кыргызстан менен Индия быйыл бир катар эки тараптуу маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жетишкендигин белгилешти.

Тараптар эки мамлекетте тең кыргыз-индус бизнес-форумдарын өткөрүү, Индиянын гранттык жардамы аркылуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 200 миллион доллар өлчөмүндөгү кредит тууралуу макулдашууну тездетүү, анын ичинде Кыргызстандын университеттеринин биринин базасында Бишкекте билим берүү IT- борборун ачууну макулдашышты.

Бишкекте 2019-жылы өткөн Кыргызстан-Индия бизнес-форумунда эки өлкө ортосундагы жылдык соода алмашуу 40 миллион долларды түзөрү айтылган. Анын ичинен Кыргызстан Индияга 5 миллион долларлык товарды экспорттойт. Ал эми Индиядан келген импорттун көлөмү 30 миллион доллардан ашат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG