Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Орусия "Ачык асман" келишиминен чыкты


Балтиканын үстүнөн учуп бараткан АКШнын учагын Орусиянын Су-27 аскердик учактары коштоп бараткан учур.
Балтиканын үстүнөн учуп бараткан АКШнын учагын Орусиянын Су-27 аскердик учактары коштоп бараткан учур.

Орусия расмий түрдө "Ачык асман" келишиминен чыгып, 18-декабрдан тартып өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну токтотту.

Москва мындай чечимди аталган келишимден Вашингтон 2020-жылдын ноябрь айында чыккандан кийин кабыл алды. АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп Орусия келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгын айткан. Москва айыптоолорду четке кагып, келишимдин бузулушуна АКШны айыптаган. Ошол эле жылдын июнь айында Орусиянын президенти Владимир Путин документти денонсациялаган.

“Ачык асман" келишими 1992-жылы 24-мартта Хелсинкиде 27 мамлекет тарабынан кол коюлуп, кабыл алынган. Ага кирген өлкөлөрдүн учактары бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүү үчүн ээн-эркин учуп-чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Америкалык мурдагы мамлекеттик катчы Майк Помпео Орусия аталган келишимдин алкагында алынган маалыматтарды өзүнүн ракеталарын АКШнын жана НАТОго мүчө мамлекеттердин инфраструктуралык объектилерин бутага алуу үчүн колдонуп жүргөнүн айтып келген.

"Ачын асман" келишими аскер жаатындагы Орусия кирген, АКШ чыгып кеткен экинчи келишим болуп калды. Былтыр Трамптын өкмөтү Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган орто аралыктагы өзөктүк куралдар тууралуу келишимден чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG