Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Сенатор Риш: Орусиянын Украина боюнча сунушу "аткарылгыс шарт"


Жим Риш.
Жим Риш.

АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетиндеги башкы республикачы Жим Риш Орусиянын Украинага байланыштуу сунуштары орус тарап “согуш үчүн себеп издеп жаткандай” деген пикирин билдирди.

18-декабрдагы билдирүүсүндө сенатор Орусиянын сунуштарын коопсуздук боюнча макулдашуу эмес, Кошмо Штаттарды жана НАТО уюмун орус презденти Владимир Путинди тынчытууга милдеттендире турган шарттар деп атады.

Орусия НАТОну чыгышты көздөй жылып жатат деп, ал эми Кошмо Штаттар жана НАТО орус бийлигин Украина менен чектеш тилкеге өтө көп аскерлерин топтоп жатат деп айыптаган тиреш дагы эле уланууда.

17-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, НАТОну чыгышты көздөй кеңейбөөгө жана Чыгыш Европадагы аскердик активдүүлүгүн азайтууга чакырган.

Сенатор Риш “Орусия бул сунуштар кабыл алынбай турганын билип туруп ушундай кылууда” деп айыптап, “Украина сыяктуу эгемен өлкөлөр өз тандоосун өзүлөрү жасашы керек. АКШ жана анын НАТО боюнча 29 союздашы алардын келечеги тууралуу эч ким менен сүйлөшүүгө барбай турганын Путин билет” деп кошумчалады. Анын пикиринде, Орусиянын сунуштарын четке кагуу зарыл. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG