Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:35

Коронавирус менен дагы 40 адам катталды, эки бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2781 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 40 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (21 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 184 163 адамга жетти.

Азыр ооруканада 294 бейтап жатат, дагы 357 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG