Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:48

Москва НАТОго пост-советтик өлкөлөр менен кызматташпоону эскертти


Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты. 20-февраль, 2020-жылы.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин имараты. 20-февраль, 2020-жылы.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтына АКШ жана НАТО менен макулдашыла турган "коопсуздук кепилдиги жөнүндө" келишимдин вариантын жарыялады.

Орусия АКШга сунуш кылган келишимдин долбоорунда "Кошмо Штаттар НАТОнун чыгыш тарапты көздөй кеңейишин токтотуу милдеттенмесин алышы керек. Пост-советтик мамлекеттерди альянска кошпойт жана алардын аймактарында аскердик база ачпайт, алар менен эки тараптуу аскердик кызматташууга барбайт" деп жазылган.

Ал эми НАТО менен түзүлө турган келишимдин Кремль сунуштаган долбоорунда аскердик альянс "Украина жана башка мамлекеттерди кошпой, Украина, Кавказ жана Борбор Азияда аскердик аракеттерге барбай жана чек арага жакын аймактарда машыгууларды өткөрбөшү керек" деп жазылган. Документте Орусиянын милдеттенмелери тууралуу жазылган эмес.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Кошмо Штаттары Орусиянын демилгесин Европадагы союздаштары менен талкуулап жатканын билдирди. Кремль өз долбоорун жарыялагыча эле АКШ жана НАТО "Орусия аскердик альянска кайсы бир мамлекеттерди, анын ичинде Украинаны кошууга тоскоол боло албастыгын" билдирген.

Маалыматта бул документтер 15-декабрда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Карен Донфридге берилгенин билдирди.

Буга чейин орус президенти Владимир Путин Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча кепилдиктер керек экенин айткан. Москванын билдирүүлөрү Украинанын чек арасына жакын аймакта түмөндөгөн орусиялык аскерлер топтолуп жаткан маалга туш келди. Батыш мамлекеттери жана Киев Орусия Украинага "кол салышы мүмкүн" деп кооптонуп турат.

Путин Батыш мамлекеттери Украинаны курал-жарак менен жабдып, Орусияга коркунуч жаратып жатканын билдирген. Москва 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын каратып алып, ушул күнгө чейин өлкө чыгышында уланып жаткан жаңжалда жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет.

2008-жылы НАТОго мүчө мамлекеттер келечекте Украина менен Грузияны өз катарына кабыл алууну макулдашкан. НАТО Украина менен кызматташуу Орусияга "каршы багытталбаганын" билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG