Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Президент БШКнын өзгөрткөн жобосу боюнча пикирин билдирди


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квота боюнча кабыл алган жобосу тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30% кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы", - деген президент.

Өлкө башчысы өзгөргөн жобонун негизинде "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна депутат болчу Токтобүбү Оргалчаны өзү дагы, жубайы Айгүл Жапарова дагы тааныбай турганын айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрттү. Ага чейин бул жобону өзгөртүү эки жолу отурумга алынып чыгып, бирок колдоо тапкан эмес.

БШК кабыл алган жобого ылайык "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болот.

Депутат Жанар Акаев Боршайкомдун чечимин "акылга сыйгыс" көрүнүш катары баалаган.

Токтобүбү Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн, этностук кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Буга чейин журналисттер 2020-жылы октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар Токтобүбү Оргалчага таандык "Шыдыр Жол KG" ишканасыныкы экенин иликтеп чыккан.

2021-жылы июнь айында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары иш таштап, 4-июнда Айгүл Жапарова жетектеген "Үмүт булагы" фонду 20 автобустту жүргүнчүлөрдү бекер ташууга чыгарган. Аталган фонд кийинчерээк автобустарды "Шыдыр Жол KG" ишканасынан ижарага алганын билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Токтобүбү Оргалча менен Айгүл Жапарованын байланышы тууралуу сөздөрдү четке каккан.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG