Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:35

АКШ Кытайга жаңы санкцияларды жарыялады


Шинжаңдын Кашкар шаары, 2019-жыл.
Шинжаңдын Кашкар шаары, 2019-жыл.

Америка Кошмо Штаттары Кытайдын Шинжаң аймагында этникалык уйгурлардын укугун бузулуп жатканы үчүн Бээжинге жаңы санкцияларды киргизди. АКШнын Соода министрлиги 16-декабрда жарыялагандай, жаңы санкциялар Кытайдын биотехнология жана чалгын тармактарында иш алып барган фирмаларын бутага алат.

Ага ылайык, Кытайдын Медицина изилдөөлөрү боюнча аскердик академиясы, анын фирмалары жана 11 изилдөө институту кара тизмеге киргизилди. Санкцияларга ылайык, бул фирмалардын продукцияларын сатып алууга тыюу салынат.

14-декабрда АКШ Конгрессиндеги Өкүлдөр палатасы Кытайдын Шинжаң районунда өндүрүлгөн товарларды импорттоого тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Буга Шинжаңда жергиликтүү тургундарды мажбурлап иштетүү көрүнүштөрү тууралуу тынчсыздануулар себеп болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG