Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Өткөн суткада 11 өрт болуп, төрт адам ооруканага түштү


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай 16-декабрга караган түнү Ош шаарында үй өрттөнүп, үч адам жабыркап, ооруканага жеткирилди.

Кара-Балта шаарында бир үйдүн чатыры өрттөнүп, 74 жаштагы адам ышка ууланып "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилди.

Кыргызстанда жыл башынан тартып үч миңдей өрт кырсыгы катталып, 33 киши каза болгон.

Өткөн жылы 2100дөн ашуун өрт кырсыгы катталып, 18 адам каза болгон, 28 киши жараат алган.

Соңку учурда өлкө аймагында өрт көп катталууда. ӨКМ буга үйдөгү мештердин туура эмес курулушу себеп болуп жатканын белгилеп, жарандарды өрт коопсуздугун сактоого, этияттыкка чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG