Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:35

Президент саясий күчтөрдү тилектеш болууга чакырды


Тарых музейиндеги иш-чарада тартылган сүрөт. 15-декабрь, 2021-жыл. Бишкек.
Тарых музейиндеги иш-чарада тартылган сүрөт. 15-декабрь, 2021-жыл. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров 15-декабрда Тарых музейинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин жыйынтыктоо иш-чарасын өткөрдү. Ага экс-президенттер Роза Отунбаева жана Сооронбай Жээнбеков баш болгон мурунку жана азыркы жогорку кызмат адамдары катышты.

Иш-чарада Жапаров өлкөдөгү саясий окуяларга токтолуп, жакынкы беш жыл аралыгында мамлекеттик саясат Кыргызстанды куруу, жарандардын ишенимин, биримдигин артыруу, элдин жашоо-шартын жакшыртуу, укуктарынын корголушун камсыздоого багытталарын билдирди. Өткөн парламенттик шайлоодо биринчи жолу административдик кийлигишүү болбогонун жана таза өткөнүн кошумчалады.

Жапаров жарандык коому активдүү, адилеттик үчүн күрөшкөн өлкө жана эркиндикти сүйгөн эл экенин белгилеп, Кыргызстан бул мүдөөсүнөн танбай турганын айтты.

Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен.
Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен.

“Мен өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо-шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сезем. Андыктан менин командам мамлекеттик системада жана экономикада структуралык чоң реформаларды жүзөгө ашыруу менен алпурушууда”, - деди Жапаров.

Ал эми тышкы саясатта Кыргызстан Борбор Азиядагы коңшулар, стратегиялык өнөктөштөр Орусия, Түркия жана Кытай менен да ар тараптуу кызматташуу болоорун билдирди.

Президент Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнүн түп нускасын Улуттук Тарых музейине тапшырды.

Ынтымак, стабилдүүлүк маанилүү экенин белгилеп, ал үчүн өлкөнүн бардык саясий күчтөрүн, санаалаштары менен оппоненттерин тилектеш болууга үндөдү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG