Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:58

Орусия менен Кытайдын лидерлери онлайн сүйлөшүү өткөрдү


Владимир Путин менен Си Цзиньпин, Бразилия, 13-ноябрь 2019-жыл.
Владимир Путин менен Си Цзиньпин, Бразилия, 13-ноябрь 2019-жыл.

Батыш менен мамилеси солгундап кеткен Орусиянын жана Кытайдын лидерлери 15-декабрда видео байланыш аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Кремл билдиргендей, бул сүйлөшүүдө орус президенти Владимир Путин "эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыктын жаңы модели түзүлгөнүн" Си Цзиньпинге айткан.

"Мен мындай алаканы 21-кылымдагы мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын чыныгы үлгүсү деп эсептейм", - деп билдирген Путин.

Кытай медиасы маалымдагандай, Си Цзиньпин "кайсы бир сырткы күчтөр" Бээжин менен Москванын ички ишине кийлигишип жатканын Путинге айткан.

Соңку жылдары Кытай менен Орусиянын Батыш менен мамилеси бир катар маселелерден улам начарлап кетти. Бул эки өлкөнүн лидерлери АКШ президенти Жо Байдендин өткөн жумадагы демократия саммитине чакыруу алган эмес.

Кошмо Штаттар жана Евробиримдик Кытайды Шинжаңдагы укук бузуулар жана Гонконгдогу саясий эркиндикти чектеген аракеттери үчүн сынга алып келет. Орусия да саясий оппозицияга, эркин медиага чабуул койгону үчүн жана Украинадагы аракеттери үчүн Батыш мамлекеттердин айыптоосуна кабылууда. Москва менен Бээжин Батыштын мындай сындарын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG