Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:42

УКМК "Түндүк" көмөкчордонуна жабдуу алууда мыйзам бузулганын билдирди


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Түндүк" көмөкчордонуна жабдуулар жасалма сатып алынганын аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлери "Түндүк" көмөкчордонун модернизациялоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Тендердик шарттарга жана ишкананын бюджети жетпей турган жабдууларды жасалма түрдө сатып алып, орнотуу иштеринде, 2,5 миллион сомдук зыян келтирилген.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө ишкананын жооптуу кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, техникалык негиздемеси жок болгонуна карабастан кабыл алуу иштерин жүргүзүшкөнүн кошумчалады.

Буга байланыштуу ишкананын кабыл алуу комиссиясынын төрагасы жана тиешелүү фирманын аткаруучу директору атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. УКМК алардын ысымдарын инициал менен берди.

Шектүү тарап комментарий бере элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG