Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:00

ТИМ: Түштүк Кореядан Кытай аркылуу жүк ташууда кыйынчылыктар болууда


Нарын - Торугарт жолундагы оор жүк тарткан автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарын - Торугарт жолундагы оор жүк тарткан автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту. Жолугушуу 14-декабрда болгонун мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Эки тарап кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министр Казакбаев жүк ташуу маселесине көңүл буруп, Түштүк Кореядан Кыргызстанга товар ташыган ишкерлер Кытайдын Циндао жана Ляньюньган деңиз портторунда кыйынчылыкка туш болуп жатканы жөнүндө маалымат берди. Ал Кытайдан бул кырдаалды чечип берүүнү өтүндү.

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү орто эсеп менен 30 миллионго жакын долларды түзөт.

2020-жылы коронавирус пандемиясы башталган учурда чек арасын толук жапкан Кыргызстан бир жарым жылдан бери Кытай менен соода алаканы жакшы жанданта албай келет. Экономика министри Данияр Амангелдиев өткөн жумада "Торугарт", "Эркечтам" бекетттери аркылуу күн сайын 50дөн жүк ташуучу унаа өтүп жатканын кабарлаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG