Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:43

Тажик бийлиги умрага уруксат бере элек


Сауд Арабиясы.
Сауд Арабиясы.

Сауд Арабиянын падышалыгы өздөрү бекиткен дары-дармек менен коронавируска каршы эмделген чет элдик зыяратчыларга кичи ажылыкка барууга уруксат берген.

Сауд Арабиясына кирүү Pfizer-BioNTech, Oxford-AstraZeneca же Moderna вакцинасынын эки дозасын, "Жонсон-Жонсондун" бир дозасын алгандарга уруксат берилет. Бул вакциналардын баары Эр-Рияд тарабынан бекитилген.

Жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Саудиянын бийлиги жакында Sputnik V вакцинасынын эки дозасы менен эмделген орусиялык мусулмандарга 2022-жылдын 1-январынан тартып ажылыкка жана умрага барууга макулдук берген.

Падышалык башка өлкөлөрдөн умрага келген мусулмандар 30 күнгө чейин жүрө аларын жарыялады.

Pfizer, AstraZeneca жана Moderna вакциналары менен эмделген Тажикстандын жарандары да Мекке жана Мединадагы исламдын ыйык жерлерине зыярат кыла алышат.

3-декабрда Дин иштери боюнча комитеттин жергиликтүү бөлүмүнө кайрылган Хатлон облусунун тургуну Абдусаттор Шарифов «Озоди» радиосуна кичи ажылыкка барууга уруксат берилбей жатканын маалымдады.

«Мен эки жылдан бери Мекке менен Мединага зыярат кылууну күтүп жатам. Бирок дагы күтүп, чыдаш керек дешти. Себебин эч ким ачык айткан жок», - деди Абдусаттор Шарифов.

Дин, каада-салттарды, майрамдарды жана ырым-жырымдарды тартип боюнча комитети тажик жарандарына Сауд Арабияга кирүүгө уруксат берилгенин тастыктады.

«Кичи ажылыкка уруксат алуу боюнча азыр даярдык иштери жүрүүдө. Биз COVID-19дун жайылышына каршы туруу боюнча республикалык штабдын акыркы чечимин күтүп жатабыз», - деди мекеменин басма сөз катчысы Афшин Муким.

Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары 10-октябрдан бери Мекке менен Мединага зыярат кылууга ээн-эркин чыгып жатканы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG