Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-декабрда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 4…9;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз 3…8;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -7…-12;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 4…6 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG