Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Өзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына талапкерлер каралат 


Фархат Иминов. Архив.
Фархат Иминов. Архив.

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Өзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына сунушталган талапкерлерди карайт. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Фархат Иминов, Венгриядагы элчиликтин башчылыгына Талант Кушчубеков сунушталууда.

Фархат Иминов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2015-жылы "Республика - Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келип, 2018-жылы мандатын тапшырган.

Талант Кушчубеков буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп 2018-жылдан бери Ибрагим Жунусов иштеп келген. Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги жаңы ачылды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG