Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

АКШнын чыгышындагы торнадо 50дөй кишинин өмүрүн алды


Иллинойс штатындагы торнадо.
Иллинойс штатындагы торнадо.

АКШнын түштүгүндө 11-декабрда, жумадан ишембиге караган түндөгү алааматтан кеминде 50 киши каза тапты. Бир эле учурда ондогон торнадо АКШнын алты штатын каптаган. Каза болгондор жана кыйроолор тууралуу Кентукки, Арканзас, Теннесси, Миссури жана Иллинойс штаттарынын бийликтери кабарлашты.

Кентуккинин губернатору анын штатында эле кеминде 50 киши катуу бороондун курмандыгы болгонун билдирди. Баарынан көп Кентукки штатындагы Грейвс округу жана анын административдик шаары Мейфилд жабыркаган.

Торнадо шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана жанындагы түрмөнүн имаратын талкалаган. Штаттын бийлиги Кентуккиде өзгөчө абал жарыялады.

Иллинойс штатында жумушчулардын тобу чатыры кулап кеткенден кийин Amazon компаниясынын кампасында убактылуу камалып калган. Теннессиде үч киши, Арканзаста бир киши каза болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG