Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:11

Казанда мектептеги кол салуу боюнча айыптоонун акыркы корутундусу чыкты


Ильназ Галявиев сотто.
Ильназ Галявиев сотто.

Орусиянын Тергөө комитетинин борбордук аппараты ушул жылдын май айында Казань шаарындагы №175 гимназияда атышуу уюштурган Ильназ Галявиевге акыркы айыптоо корутундусун чыгарды.

Расмий маалыматта Ильназ Галявиевге эки же андан ашык адамды, анын ичинде жашы жете электерди коркунучтуу жол менен өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет кылууга, жардыргыч заттарды даярдоо жана сактоо, мүлккө зыян келтирүү боюнча айыптар тагылган. Бул иште 600дөн ашуун адам жабырлануучу катары өтүп жатат.

Мекеме Галявиев күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, өкүнгөнүн билдирди. Тергөөнүн маалыматында, анын мындай аракетине "деструктивдүү субкультуралардын биринин расмий эмес өкүлдөрүнүн жүрүм-турумун тууроо" себеп болгон. Бул тууралуу маалыматтарды ал интернеттен алганын белгилеген.

Ноябрда Галявиев экинчи ирет психиатриялык экспертизадан өтүп, "акыл-эси жайында" деп табылган. Эми ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Июль айында жүргүзүлгөн биринчи экспертизанын негизинде Галявиев кылмыш учурунда "акыл-эси жайында эмес" деп табылган.

Казандагы №175 гимназияда 11-майдагы куралдуу кол салуудан тогуз киши окко учкан. Алардын жетөө мектеп окуучусу, экөө мугалим болгон. Мектепке кирип келип, башаламан ок чыгаруунун кесепетинен 20дан ашуун киши ар кандай жараат алган.

Мектептеги бул канабайрамга байланыштуу 19 жаштагы Ильназ Галявиев кармалып, ага массалык адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Мыйзам боюнча аталган берене менен соттолгондор өмүр бою эркинен ажыратылат. Бир нече адамды өлтүргөн мындай оор кылмыш иши үчүн кесилгендер өзгөчө тартиптеги абак жайларында өзүнчө кармалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG