Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Олаф Шольц Евробиримдиктин коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн Брюсселге барды


Олаф Шольц 8-декабрда Ангела Меркелдин ордуна Германиянын канцлери болду.
Олаф Шольц 8-декабрда Ангела Меркелдин ордуна Германиянын канцлери болду.

Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольц Евробиримдиктин тышкы саясатында Берлин менен Брюсселдин ортосундагы аракеттерди координациялоо маселесин талкуулоо үчүн Белгияга барды.

Шольц Европанын коопсуздугун ишенимдүү камсыз кылуунун зарыл экенин, айрым өлкөлөргө эч кандай коркунучтарга жол берилбеши керектигин белгилеген.

"Агрессия албетте, кесепеттерге алып келет, ошондуктан биз Орусияга алдын ала кабарлайбыз", - деди Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Ляйен жума күнү Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольц менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйында.

Украина Орусияны масштабдуу аскердик операцияга даярданып жатат деп айыптоодо. Кремл дооматы четке каккан.

Euronews телеканалынын маалыматына караганда, жаңы канцлердин артыкчылыктуу тизмеси климаттын өзгөрүшүнө жол бербөө жана энергиянын таза булактарына өтүү болуп саналат. Бул маселе боюнча пикир келишпестиктер Германия менен Франциянын ортосундагы мамиленин бекемдигин сынашы мүмкүн.

Мындай учурда Евробиримдиктин жетекчилигинин позициясы Германиянын энергетикалык саясатындагы курсуна таасирин тийгизиши ыктымал.

"Брейгель" (BRUEGEL) институтунун директору Гунтрам Вольф Euronews телеканалына Франция өзөктүк энергияга умтулат деп билдирди. Анын айтымында, атомдук электр станциялары парник газдарын чыгарбайт, ошондуктан жашыл технология катары каралышы керек. Германия дагы атомдук станцияларды кооптуу деп атайт жана жакынкы келечекте атомдук энергиядан баш тартканы жатат, - дейт окумуштуу. (BRUEGEL - эл аралык экономика тармагында иштеген европалык аналитикалык борбор.)

Шольц Европадагы сапары алкагында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушары айтылган. Алдыдагы аптада Евробиримдиктин саммитинде өзгөчө коопсуздук жана коргонуу маселелери талкууланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG