Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Кыргызстанда койлорго электрондук чип тагыла баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда койлорго электрондук чип тагыла баштады.

Айыл чарба министрлиги чип тагуу койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турганын билдирүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз эт-май багытындагы "Арашан" породасындагы койлорго электрондук бирка тагылып, асыл тукум карточкалары толтурулду.

“Арашан” эт-май багытындагы порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында пайда болгон. Учурда өлкө боюнча мындай породадагы 5800дөй кой бар. Козуларынын болжолдуу баасы 500 доллар, ал эми кой 5 миң доллардан жогору бааланат.

“Арашан” эт-май багытындагы жаңы кой породасын каттоо ишине 33 фермер жана илимпоздор активдүү катышып, авторлукту алышкан.

Гиссар жана кыргыз койдун аргындашуусунан алынган "Арашан" породасындагы кочкор былтыр Казакстандагы көргөзмөдө 16 миң долларга сатылган. Ушундай эле породадагы кочкордун баасы учурда 50 миң доллардан жогору бааланууда.

"Арашан" койлору Кыргызстандын өзүндө аргындаштырылгандыктан, жергиликтүү климатка чыдамдуу келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG