Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Тажикстан: Тоолуу Бадахшандагы окуяны атайын топ иликтей баштады


Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдогу нааразылык акциясы. 27-ноябрь, 2021-жыл
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорогдогу нааразылык акциясы. 27-ноябрь, 2021-жыл

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кандуу окуянын себептерин мекеме аралык атайын топ иликтей турган болду. Иликтөөчү топтун курамына Башкы прокуратуранын жана жарандык коомдун өкүлдөрү киргенин “Озоди” радиосу билдирди.

Хорогдогу бул окуяда үч жай тургун набыт болуп, ондон ашык киши жаракат алган.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунун административдик борбору Хорогдо нааразылык акциясы 25-ноябрда түштөн кийин башталган. Тажик күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы тургун Гулбиддин Зиёбековдун өлтүрүлүшү жергиликтүү калктын нааразычылыгын жараткан.

Митингчилер үч күндөн ашуун каршылык акциясында туруп 28-ноябрдын кечинде борбордук бийлик Зиёбековдун өлүмүнүн себебин объективдүү иликтөөгө убада бергенден кийин гана тарап кетишкен.

"Озоди" радиосунун булактары 9-декабрда кабарлашкандай, иликтөө тобунун мүчөлөрү териштирүүнү "Зиёбеков аны кармоо боюнча атайын операция маалында ок чыгарган" деген Макаров тапанчасын текшерүүдөн баштады.

Тавдем конушунун тургуну барымтага алуу жана бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүүгө шектелип, издөөдө жүргөн. Бирок Зиёбековдун жакындары анын ок атуучу куралы болбогонун, аскерде кызмат өтөбөгөнүн жана курал колдонгонду билбегенин айтышууда.

"Озоди" радиосунун булактары иликтөөчү топ бул окуянын күбөлөрүн суракка алып жатканын кабарлады. Тавдем айылындагы жана Хорог шаарындагы соңку окуяларды иликтөө кеминде эки айга созулары айтылды.

Тергөөгө жакын булактын айтымында, бийлик митингчилерге карата ок атууну да иликтөөгө ниеттенүүдө. Анын ырастоосу боюнча митингчилер полициядан тартып алган Калашников үлгүсүндөгү 5 автомат кайра кайтарылган.

Хорогдогу төрт күнгө созулган нааразылык акциясынын катышуучулары облус жетекчилиги алар менен жолугуп, талаптарын аткарууга – митингге катышкандарды ар кандай куугунтуктоодон алыс болууга убада бергенден кийин гана тарап кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG