Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Түркия: депутаттар жыйында мушташты


Түркиянын парламенти. Январь, 2020-жыл.
Түркиянын парламенти. Январь, 2020-жыл.

Шаршемби күнү Түркия парламентинин жыйындар залында оппозиция жана бийликтеги партиянын депутаттары мушташа кетти. Бул калайман мушташтын видео тасмасы интернетке тарады.

Түркиянын 2022-жылдагы бюджетин талкуулоо маалында Республикалык Элдик партиясынан депутат Эркан Айдин ички иштер министри Сулейман Сойлудан арам акчаны адалдоого шектелген ишкерге таандык учакты эмне үчүн пайдаланганын сурады.

Министр Сойлу депутат Айдынды калпысы деп атады. Жыйындар залындагы бийликчил жана оппозициячыл депутаттардын бири-бирин кемсинткен сөздөрү, мушташ менен коштолду.

Дүйшөмбү күнү парламентте Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын парламенттеги фракция мүчөлөрү Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун сөзүн бөлүп, сүйлөтпөй, үзгүлтүккө учурата баштаганда да ызы-чуу чыккан.

Кылычдароглы азыркы түрк бийлигинин экономикалык жана каржы саясатын сындап, инфляциянын кесепеттерин жарандарга жүктөгөнүн айыптаган. Оппозициялык саясатчы Эрдоган баш болгон саясий атаандаштарын "уятсыздар" деп атады.

Түркия парламентинде бюджетти талкуулоо учурундагы талаш-тартыштар буга чейин да кагылышууларга алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG