Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:47

HRW өзбек бийлигин блогер Арифхожаевди бошотууга чакырды


Өзбекстандык блогер Фазилхожа Арифхожаев.
Өзбекстандык блогер Фазилхожа Арифхожаев.

"Хьюман Райтс Вотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигинен камактагы блогер Фазилхожа Арифхожаевди токтоосуз бошотууну талап кылды.

Уюм белгилегендей, ага социалдык тармакка жазган билдирүүсү үчүн "коомдук коопсуздукка коркунуч жаратып жатат" деген айып тагылган. Күнөөсү далилденсе сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

41 жаштагы ташкенттик блогер бийликтин дин жаатындагы саясатын сындап келгени менен белгилүү. Ал июнь айында "мечитте чуу жаратты" деген кине менен алгач он беш суткага камалган. Кийин Арифхожаевге "Интернетти колдонуу менен коомдук коопсуздукка коркунуч келтирчү материалдарды жарыялаган же тараткан" деген жаңы айып тагылып, камактагы мөөнөтү узартылган.

Арифхожаев март айында "Фейсбукка" жарыялаган билдирүүсүндө "мусулман эместерди диний майрамдары менен мусулмандар куттуктаса болобу?" деген суроо салган.

"Хьюман Райтс Вотчтун" Борбор Азия боюнча өкүлү Мира Риттман Арифходжаевге козголгон ишти "жөн гана өзбек бийлигинин өкмөттү сындаган адамдын оозун жабуу аракети" деп мүнөздөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG