Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

Индияда коргоо штабынын башчысы тик учак кырсыгында каза болду


Индиянын коргоо штабынын башчысы, генерал, маркум Бипин Рават.
Индиянын коргоо штабынын башчысы, генерал, маркум Бипин Рават.

Индияда 8-декабрда болгон тик учак кырсыгында 13 киши каза болду. Алардын арасында коргоо штабынын башчысы, генерал Бипин Рават да бар.

Ал жубайы жана 12 аскер кызматкери менен өлкө түштүгүнө баратышкан. Тик учактын ичиндеги 14 адамдын бирөө гана тирүү калды. Кырсыктын себептери так аныктала элек.

Индиянын коргоо министри Ражнатх Сингх каза болгондордун сөөктөрү баш калаа Нью-Делиге 9-декабрда алып келинерин жана генерал бардык аскердик жөрөлгө менен акыркы сапарга узатыларын билдирди.

63 жаштагы Бипин Рават коргоо штабынын алгачкы башчысы болчу. Бул кызмат 2019-жылы эле түзүлгөн жана анын карамагына армия, флот жана авиация кирет.

Генерал бир катар аймактарда, анын ичинде талаштуу Кашмир чөлкөмүндөгү аскердик операциялардын башында турган. Рават отставкага кеткенден кийин саясий карьерасын баштайт деген пикирлер бар эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG