Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Бишкек мэриясындагы үч мекеме бириктирилет  


Бишкектин көчөсүндөгү автобус. 2020-жыл.
Бишкектин көчөсүндөгү автобус. 2020-жыл.

Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы, Муниципалдык мүлк башкармалыгы, "Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" ишканасы бириктирилип, Бирдиктүү мүлк башкармалыгы түзүлөт. Бул тууралуу шаар башчысы Айбек Жунушалиев маалымдады.

Анын айтымында, автоунаа токтотуучу жайлар боюнча тендер жакында жарыяланат.

Жер ресурстар башкармалыгы - шаардагы жерге байланыштуу маселелерди тескөө боюнча мекеме. Муниципалдык мүлк башкармалыгы – муниципалдык объекттерди, кыймылсыз мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча мекеме.

"Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары" ишканасы шаардагы акы төлөнүүчү автоунаа жайларын тескейт.(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG