Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:57

Президент коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Кайрылуу өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Президент Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча аракеттерди улантып жатканын, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, эл аралык антикоррупциялык уюмдардын иш-чараларына катышуу боюнча жандуу иш жүрүп жатканын белгиленген.

"Биз өлкөдөгү жемкордукту жоюу саясатына зор маани берип, сөзсүз ишибиздин өтөөсүнө чыгабыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү! Биздин бул жааттагы иш-аракеттерибиз элибиздин жашоо-турмушунун сапатын көтөрүүгө, мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртууга, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу сарптоого багытталат!", - деп айтылат кайрылууда.

Эл аралык «Transparency International» уюмунун дүйнөдөгү коррупцияны кабыл алуу деңгээли боюнча жарыялаган баяндамада быйыл Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашкан. Жемкордук жокко эсе абал деген 100 упайдын ичинен 30 упай алган расмий Бишкек коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарындагы кызыл чекте орун алды. Былтыр өлкө 132-орунда эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG