Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Президент Жапаров телерадио кызматкерлерин куттуктады


Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы телерадио кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Мамлекет башчы маалымат таратуунун ыкмалары жана элге жеткирүүнүн жолдору өнүгүп, атаандаштык күч алып жаткан мезгилде бул кесиптин орду бийик экенин белгилеген.

"Өнүгүүнүн демократиялык жолунда бара жаткан өлкөбүздө коом турмушундагы окуяларды чебер чагылдыруу, аны бейтараптык жана калыстык менен айкалыштыруу бир топ эмгекти талап кылат. Эң негизгиси, сиздер коомдук пикирди калыптандырууда өрнөк боло турган туура багыт аркылуу элге таалим-тарбия берип, агартуу жаатында дагы чоң милдетти аткарып келесиздер. Ошондуктан, биринчи кезекте, элдин купулуна толгон жагымдуу жаңылыктар, таасирлүү каармандар тууралуу жогорку деңгээлдеги берүүлөрдүн көп болуусуна тилектешмин", - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Кыргызстанда 8-декабрь теле радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп эсептелет. 1958-жылы ушул күнү Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG