Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:12

Москва соту Google компаниясын дагы доого жыкты


3D форматында басып чыгарылган Google логотиби.
3D форматында басып чыгарылган Google логотиби.

Москванын соту Google компаниясын Орусияда тыюу салынган мазмундагы материалдарды чыгарып берүү боюнча эрежелерди бузганы үчүн дагы бир жолу ири өлчөмдө айып пул төлөөгө милдеттендирди. Бул жолу ага 5 миллион рубль (67 600 доллар) айып пул салынды.

Орусиянын баш калаасы Москванын Таган райондук соту 7-декабрда бул тууралуу чечим чыгарды. Анда Google компаниясы берилген көрсөтмөгө ылайык, тыюу салынган мазмундагы материалдарды өчүрбөгөнү айтылат.

Кечке жуук сот Google компаниясына каршы коюлган дагы үч протокол боюнча чечим чыгарышы күтүлүүдө. Ага ылайык, компанияга дагы 16 миллион рублга чейин (дээрлик 216 300 доллар) айып пул салынышы мүмкүн.

Соңку мезгилде Орусиянын соттору Google компаниясынын издөө тутумунан жана YouTube сайтынан мазмуну боюнча тыюу салынган материалдарды базалык жана ыкчам эстутумунан өчүрбөй койгону үчүн жалпысынан жүз миңдеген доллар айып төлөөгө милдеттендирген.

Орусиянын соттору ушундай эле доо менен Facebook, Twitter, WhatsApp, Telegram жана TikTok компанияларына дагы айып пул салган.

Орусиянын президенти Владимир Путин социалдык медиа платформаларын жана заманбап башка маалымат технологиясынын лөктөрүн өлкөнүн интернет мыйзамдарын бузуп жатат айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG