Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

АКШ жана Батыш өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданууда


Талибдер кылмышкер деген шек менен кармаган адамдар. Урузган провинциясы. 3-декабрь, 2021-жыл.
Талибдер кылмышкер деген шек менен кармаган адамдар. Урузган провинциясы. 3-декабрь, 2021-жыл.

АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү Ооганстанда мурдагы аткаминерлердин жана коопсуздук кызматкерлеринин өлтүрүлүшүн же дайынсыз жоголушун сынга алышты.

“Биз болжолдогон окуялар адам укугуна жана талибдер жарыялаган мунапыска каршы келет. Биз “Талибанды” (Кыргызстанда тыюу салынган) ооган коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы кызматкерлерине жана мурдагы өкмөт өкүлдөрүнө карата мунапысты натыйжалуу ишке ашырууга чакырабыз. Мунапыс бүтүндөй өлкөдө сакталышын камсыз кылууга үндөйбүз”, - деп жазылган АКШ, Евробиримдик жана башка 20 өлкө тараткан билдирүүдө.

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) уюму уюму талибдер августтун ортосунда бийликти басып алгандан бери Ооганстандын төрт аймагында эле күч түзүмдөрүнүн 100дөн ашуун мурдагы кызматкери өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгонун 30-ноябрда билдирген.

Баяндамада талибдерге багынып берген же кармалган ооган коопсуздук күчтөрүнүн 47 мурдагы мүчөсү өлтүрүлгөн же дайынсыз жоголгондугу аныкталганы жазылган.

“Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) Кабул бийлиги менен иштешкендерге жана мурдагы коопсуздук кызматкерлерине мунапыс берилерин айтып келатканы менен, жергиликтүү кол башчылар аларды өлтүргөн же дайынсыз болгон учурлар катталып жатканы белгиленген.

Ооганстанда 34 облус бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG