Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:58

Президенттик автопаркты электромобил менен жабдуу мүмкүнчүлүгү каралат


Электромобилдер. Бишкек. 4-декабрь, 2021-жыл.
Электромобилдер. Бишкек. 4-декабрь, 2021-жыл.

Президенттин иш башкармалыгынын автопаркын электромобил менен жабдуу мүмкүнчүлүгү каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров 4-декабрда электромобил ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Жапаров жалпы эле өлкөдө электромобилдерди көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү аракети көрүлүп жатканын, бул экологияны жакшыртууга салым болорун да айтты.

“Биз электробустарды борборго кое берели деп пландап жатабыз. Биз үчүн өлкөдө электр транспортун көбөйтүү жана ага тийиштүү инфраструктураны түзүү артыкчылыктуу. Салык кодексинин долбоорунда жакынкы 3-5 жылга электромобилдерди ташып кирүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралышы керек. Биз жашыл экономикага багыт алып жатабыз”, - деди ал.

Акылбек Жапаров электромобилдерди лизингге берүү механизмдери караштырыларын да кошумчалады. Ал электромобилдердин түрлөрүн көрүп, бирин сынап көрдү.

Кыргызстанда электромобил куроочу жалгыз ишкана – “Каганат-инвест” (Ихлас) компаниясына таандык.

Буга чейин электромобил өндүрүүнү каалаган инвесторлорду салыктан толук бошотуу боюнча мыйзам долбоору сунушталган. Авторлор сырттан ташылып келген жана Кыргызстанда өндүрүлө турган электромобилдерге, кубат берүүчү станцияларга жана алардын тетиктерине салык жактан жеңилдиктер берилиши керектигин белгилешкен.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG