Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

"Талибан" өкмөтү ооган аялдарынын укуктары тууралуу жарлык чыгарды


Кабулдагы сулуулук салону. Октябрь, 2021-жыл.
Кабулдагы сулуулук салону. Октябрь, 2021-жыл.

"Талибан" өкмөтүнүн аялдар тууралуу чыгарган жарлыгында алардын билим алууга болгон укугу эске алынган эмес.

Быйыл 15-августта Ооганстанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда террорчу уюм катары таанылып, тыюу салынган уюм) аялдардын укуктарынын тартиби боюнча атайын декрет чыгарды.

Бул документте ооган коомунун лидерлери – диний аалымдар жана аксакалдар аялдардын укуктарын коргоо үчүн олуттуу чараларды көрүүгө чакырат. Жарлыкка ылайык, ооган аялдарын, анын ичинде жесирлерди никеге турууга мажбурлоого болбойт.

"Аял бирөөнүн менчиги эмес, ал - асылзат жана эркин адам", - деп жазылган сунуш иретинде иштелип чыккан документте.

Ооганстандын өкмөтүнүн Ажылык иштери боюнча министрлиги менен Маалымат жана маданият министрлигине аялдардын укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн. Жогорку сот жергиликтүү сотторго аялдардын арыздарын токтоосуз түрдө кароону тапшырышы керектиги белгиленди.

Документте жашы жете электердин турмушка чыгуусу, жумушка орношуусу жана аялдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу эч кандай сөз жок.

Бул көйгөйлөр жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочуларды олуттуу тынчсыздандырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG