Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Министрлердин, акимдердин орун басарларынын саны кыскарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 3-декабрда "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары жөнүндөгү" жарлыкка кол койду. Анда бюджетти үнөмдөөнүн ички булактарын табуу, мамлекеттин акчасын сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу чаралары жазылган.

Ага ылайык, 2022-жылдын 1-мартынан тартып министрлик-мекемелерге, мамлекеттик органдарга бюджеттеги акчага кызматтык машина сатып алууга, имараттарды оңдоп-түзөөгө жумшоого тыюу салынат. Ошондой эле аткаминерлер президенттин жана Министрлер кабинетинин чечими жок мамлекеттин эсебинен чет мамлекеттерге иш сапарларга бара алышпайт.

Жарлыкка ылайык, 1-мартка чейин ички иштер министри менен Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын орун басарларынан башка бардык министрлердин, мамлекеттик мекеме-органдардын, жергиликтүү администрациялардын, акимдердин орун басарларынын саны кыскарат. Андан сырткары документте каржылык мыйзам бузууларга чара көрүү, зыянды толтуруу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырмалары берилди. Буга байланыштуу өкмөт ар квартал сайын отчет берип турууга милдеттендирилди.

Жарлыкта Жогорку Кеңештин жана анын аппаратынын түзүмүн оптималдаштыруу, чыгымын дагы азайтуу чаралары жазылган.

Садыр Жапаров 2-ноябрда республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдар азайтылып, айлык акылары төмөндөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG