Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Акматбек Келдибеков УКМКдан сурактан чыкты


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Атайын кызматта төрт сааттай болгон саясатчы эмне себептен суракка чакырылганын айта элек.

Ал 1-декабрдын кечинде УКМКга суракка чакырылган. Атайын кызмат Келдибеков 28-ноябрда өткөн шайлоого байланыштуу суракка чакырылганын билдирген. Расмий кабарда социалдык тармактарда тараган видеодо Келдибеков шайлоодогу добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө тастыкталбаган негизде сүйлөгөн деп жазылган. УКМК муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалап, Келдибековду түшүндүрмө берүүгө чакырды.

Акматбек Келдибеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынан катышкан. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, аталган партия шайлоодо уткан жок.

Добуштар бурмаланды деген нааразылыктар жаралып, Акматбек Келдибеков бийлик үч күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүш керектигин билдирген.

Жекшембиде кыргыз парламентине шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкка байланыштуу маалыматтар алмашып кеткен.

Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG