Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:31

ЖЭБ-2 аймагындагы 47,7 гектар жер трансформация болду


Бул ЖЭБ-2 аймагынын картасы.
Бул ЖЭБ-2 аймагынын картасы.

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы муниципалдык менчикте турган 47,7 гектар жер трансформацияланып, “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулду. Бул ЖЭБ-2 аймагына кирет.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 2-декабрда кабарлады.

Финансы министрлигине республикалык бюджеттен көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 миллион сом бөлүү тапшырмасы берилди.

ЖЭБ-2 аймагы.
ЖЭБ-2 аймагы.

15-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагына үйлөрдү куруп алган тургундар менен жолугуп, Министрлер кабинетине жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү тапшырган.

Ошол эле кезде бийлик ЖЭБ-2 объектисин 2022-жылдын соңу, 2023-жылдын ортосунда ишке киргизүүнү пландап жатат.

Садыр Жапаров 22-ноябрда “Ак-Ордо-3” конушунун жашоочулары менен жолугушууда 2022-жылдын май айына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда документи жок үй болбошу керектигин айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG