Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Блинкен Орусия Украинага кол сала турган болсо кесепети оор болорун эскертти


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон Орусиянын Украинага кол салуусу боюнча "далилдер" тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди. Ал ошондой эле эгер мындай болсо Москва олуттуу экономикалык санкцияларга туш болорун эскертти.

Киев билдиргендей, Орусия Украина менен чек арасына жакын аймакка он миңдеген аскерлерин жана оор техникаларын топтогон.

"Биз Орусия Украинага каршы агрессивдүү аракеттердин планын иштеп чыкканынын далилдери боюнча терең тынчсызданып жатабыз. Ал планга Украинаны ичинен туруксуздаштыруу жана кеңейтилген аскердик операциялар дагы кирет", - деди Блинкен 1-декабрда Ригада өткөн маалымат жыйында.

Мамкатчы буга чейин Латвиянын баш калаасында өткөн НАТОго мүчө уюмдардын тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышкан. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 2-декабрда жолугушканда Украинага жакын аймакка аскерлерди топтоону токтотууга чакырарын билдирди.

Блинкен Стокгольмдо Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун саммиттинин алкагында Лавров жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен өз алдынча жолугууну көздөп жатат.

Кулеба Орусия 115 миңдей аскерди жана оор аскердик техника топтогонун апта башында билдирген. Москва мындай дооматтарды четке кагып, Киев менен анын батышындагы өнөктөштөрүн чыңалууну күчөттү деп күнөөлөп жатат.

Орусия Украинага караштуу Крым аралын 2014-жылы аннекциялап алып, өлкө чыгышындагы москвачыл жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Өкмөттүк күчтөр менен жикчилдердин жети жылдан бери уланып жаткан салгылашууларынан 13 200дөй адам көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG