Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырда кыргызстандык бир адам ооруканага түштү


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Архив.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Архив.

Кыргыз-тажик чек арасында 1-декабрдагы чырда тажикстандыктар сабап койгону айтылган кыргызстандык жаран ооруканага түштү. Анын абалы туруктуу экенин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев билдирип, коомдук коопсуздук көзөмөлдө экенин, тажик тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Шаршемби күнү кечке жуук Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылынын тургуну малын издеп жүргөндө кошуна өлкөнүн тургундары уруп коюшканын аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова билдирген. Ошол эле учурда кыргызстандыктар тажикстандык тургунду кармап алышкан. Кийин сүйлөшүү болуп, жарандар алмашылганы айтылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан азырынча расмий комментарий боло элек.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан улам жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG