Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

БШКнын адиси: талапкерлер алган добуш партияга кошулуп калган


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) техникалык адиси көрсөткөн сүрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) техникалык адиси көрсөткөн сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) техникалык адиси Боршайкомдун Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү 1-декабрда түшүндүрүп берди. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды системага чыгарууда талапкерлер алган добуш партияга кошулуп калганын айтты.

"Сары өң менен белгиленген – бул партия жана анын ичиндеги талапкерлерге берилген добуш. Мисалы, "Ата Мекен" партиясында 33 345 добуш бюллетенде партия жана анын талапкерлери белгиленген. 11 961 добуш "Ата Мекен" партиясына гана берилген. Ал эми 78 651 деген сан жана анын жанындагы 6,14% дегенден ката кеткен. Себеби, талапкерлер алган добуш партияга кошулуп калган".

Боршайкомдун техникалык адиси 28-ноябрда бул ката 15 мүнөттүн ичинде кайра калыбына келтирилгенин кошумчалады.

БШКда Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү талкуулаган жыйын өтүп жатат. Ага партиялардын мүчөлөрү, бир мандаттуу округдан шайлоого ат салышкан айрым талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG