Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Модерна: азыркы вакциналар "Омикрондон" анча коргобошу мүмкүн


АКШнын "Модерна" компаниясынын аткаруучу директору азыркы вакциналар коронавирустун "Омикрон" вариантына каршы анча эффективдүү болбошу мүмкүн деп билдирди. Стефан Бансел Financial Times гезитие 30-ноябрда басып чыгарган маекте жаңы штаммдын мутациялаганын жана өтө жугуштуу экенин эске алганда, вакциналарды эмки жылы өзгөртүү керек болушу ыктымалдыгын айтты.

Мындай билдирүүдөн кийин каржы рынокторунда мунайдын жана баалуу кагаздардын баалары түшүп кетти.

"Модерна" жана Pfizer/BioNTech “Омикронду” бутага алган препараттын үстүнөн иштеп жатышат. Бирок бул жараянга, вакцинаны жактырууга бир нече ай кетиши ыктымал. Азыр ансыз да вакциналар тартыш болууда.

Британия, АКШ жана Евробиримдик жаңы штаммдын тарашына байланыштуу үчүнчү дозаны же бустерди сайдыруу иштерин ыкчамдатууга киришти.

Ал эми Европанын медицина агенттигинин аткаруучу директору Эмер Кук шейшембиде азыр колдонулуп келаткан вакциналар жаңы варианттан коргой турганын, шаркеттеги бейтаптарда симптомдор жеңил болуп жатканын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG