Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

Мияровдун жубайы милициядан күйөөсүн издөөнү токтотууну суранды


Мирбек Мияров (ортодо). 2020-жыл, 6-октябрь.
Мирбек Мияров (ортодо). 2020-жыл, 6-октябрь.

"Ордо" партиясынын лидери, 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан Мирбек Мияровдун жубайы милициядан күйөөсүн издөөнү токтотууну суранып, эч кимге дооматы жок экенин билдирген.

Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мияровдун дайынсыз экенин туугандары кабарлашкан. Ал жекшемби күнү Бишкектеги №44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен бойдон келген эмес. Жакындары саясатчыны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармап кеткен болушу мүмкүн экенин божомолдошкон. Бирок милицияга арыз жазышкан эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет да, Ички иштер министрлиги (ИИМ) да Мирбек Мияров суракка чакырылбаганын билдирген.

Мирбек Мияров 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого ат салышкан "Ордо" партиясынын лидери. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG