Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Эрдоган Украина менен Орусияга арачы болууну сунуш кылды


Режеп Таип Эрдоган. Архивдик сүрөт
Режеп Таип Эрдоган. Архивдик сүрөт

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган анын өлкөсү Украина менен Орусиянын ортосунда арачы болууга даяр экенин билдирди.

NTV телеканалы 29-ноябрда кабарлагандай, Түркмөнстандан кайтып келатып Эрдоган "Анкара Кара деңиз аймагында тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн орношун каалайт" деп айтты. Президент орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен бул маселени мурда да бир нече жолу сөз кылганын кошумчалады.

Эрдогандын сунушуна азырынча расмий Москва же Киев комментарий бере элек.

НАТОнун мүчөсү болгон Түркиянын эки өлкө менен тең мамилеси жакшы. Бирок Анкара Москванын Крым жарым аралын аннексиялашын сындап, Украинанын аймактык бүтүндүгүнө колдоосун билдирип келатат. Өткөн айда украин армиясы Түркияда жасалган “Байрактар” дрону менен Донбасста орусиячыл жикчилерге сокку урганы тартылган видеону чыгарган. Москва дрондорду колдонуу - чыгыш Украинадагы “кырдаалды туруксуз кыларын” билдирген.

Акыркы жумаларда Орусия менен Украинанын өз ара мамилеси ого бетер чыңалды.

20-ноябрда украин чалгын кызматы Орусия чек арага 92 миңден көп аскерин жайгаштырганын, жыл башында сокку урууга даярданып жатканын билдирген.

Буга чейин америкалык бир катар маалымат каражаттары Батыштагы чалгынчыларга жана расмий маалыматтарга таянып, Орусия Украинага кол салууну даярдап жатышы мүмкүн экенин, Кремл соңку чечимди кабыл ала электигин жазышкан.

АКШ бийлиги жана Евробиримдик украин-орус чек арасындагы акыркы өнүгүүлөргө бир нече жумадан бери тынчсыздануусун билдирип келет.

Москва кошуна өлкөнүн аймагына чабуул коюуга даярдык көргөнүн танып, Украина менен АКШнын Кара деңиздеги аскердик машыгуусун "агрессивдүү кадам" деп сыпаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG