Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Шайлоодогу бюллетендердин 20% жакыны кол менен саналып бүттү


Шайлоо участкаларынын биринде тартылган сүрөт.
Шайлоо участкаларынын биринде тартылган сүрөт.

Парламенттик шайлоодогу бюллетендердин 18,36% кол менен саналып бүттү - бул 29-ноябрь, кечки саат 21:00гө карата маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 460ка жакынында бюллетендер эсептелди. Ал эми автоматташтырылган системада 97% ашуун бюллетень саналды.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын жыйынтык чыгарган сервери иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Бир катар партиялар муну "көз боёмочулук" деп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова серверден техникалык мүчүлүштүк кеткенин айтып, добуш саноого зыяны тийбегенин билдирген.

Жогорку Кеңештин шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык босогодон өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. Акыркы жыйынтык бюллетендер кол менен саналып бүткөндө чыгат.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG