Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:54

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу жолдору талкууланат


Ирандын желеги Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кеңсесинин фонунда. Вена, 24-май 2021-жыл
Ирандын желеги Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кеңсесинин фонунда. Вена, 24-май 2021-жыл

Иран менен дүйнөлүк алты державанын өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу жолдорун талкуулоо үчүн Венада чогулганы жатышат. Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери 28-ноябрда Кытай, Орусия делегациялары жана Еврошаркеттин чабарманы Энрике Мора менен жолугушту. Багери жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, тараптар сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн жана алкагын аныкташат.

Орусиянын Улуттар Уюмунун Венадагы өкүлчүлүгүндөгү элчиси Михаил Ульянов расмий кездешүү алдындагы “бейрасмий консультациялар” “Тегерандын жаңыланган позициясын жакшырак түшүнүү үчүн пайдалуу” болгонун “Твиттерге” жазды.

Австрия башкалаасындагы сүйлөшүүлөр Ислам жумуриятында бийликке жаңы президент, ашынган консерватор Ибрахим Раиси келгенден кийин токтоп калган.

2015-жылы Иран менен Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар бара-бара алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран бийлиги программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG