Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар Биримдиги”, Социал-Демократтар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады 


Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев жана Рыскелди Момбеков. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев жана Рыскелди Момбеков. Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.

29-ноябрга караган түнү Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан Өмүрбек Текебаев, Клара Сооронкулова, Али Токтакунов, Тилек Токтогазиев, Социал-Демократтар партиясынан талапкер Рыскелди Момбеков, Дамир Мусакеев, Мухтарбек Айнакулов, “Азаттык” партиясынан Исмаил Исаков, Бактыбек Калмаматов жана “Улуттар Биримдигинен” Мелис Мырзакматов, Артур Медетбеков, Эржан Кайыпов чукул маалымат жыйын өткөрдү. Алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

Жыйынга катышкандар бийлик “оппозицияны өткөрбөй коюу үчүн жараксыз бюллетендерди жана “баарына каршы” добуш бергендердин көрсөткүчүн көбөйткөн” деген доомат коюшту.

Тилек Токтогазиев партиялардын добуштарын кайра санаганда "20 миңден 30 миңге чейин добуш азайып" кеткенин айтты.

Исмаил Исаков “добуш берүү бүтөөрү менен шайлоо тилкелеринде шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап, протоколдорду партиялардын өкүлдөрүнө берген эмес” деп билдирди.

Ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын сайты эмне себептен үзгүлтүккө учураганын түшүндүргөн. 28-ноябрда Шайлдабекова “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, БШКнын автоматташтырылган системасында ката кеткенин маалымдаган.

“Системанын эки таблицасын көрө алдыңыздар. Негизги таблицасы ичинде, ал жерде участоктордон келип түшүп жаткан маалыматтар. Сырткы визуалдаштырууга сиздерге ыңгайлуу болушу үчүн сыртына да кыскартылган таблица түзүп бергенбиз. Ошол таблицада 7 деген позиция 7А деген позиция менен кыска мөөнөткө кошулуп калды. Тышкы визуалдаштыруу таблицасындагы формула кичине туура эмес көрсөтүлүп калды. Бирок тышкы таблица системанын бөлүгү эмес. Системаны ыңгайлуу форматта чагылдыруу үчүн гана жайгаштырылган ошол жерге. Бул жерде эч кандай зыян жок”.

Шайлдабекова автоматтык эсептөөчү үкөктөрдүн жыйынтыгы алдын ала гана жыйынтык экенин эскертип, ал юридикалык мааниге ээ эмес экенин белгилеген. Төрайым колго саналган бюллетендер менен электрондук санак ортосунда көп айырма болбой турганын кошумчалаган.

Масадыков: Серверге эч ким кийлигише албайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран катышты. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт. Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” добуш берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG