Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Туйгунаалы Абдраимов УКМКда сурак берип чыкты


Туйгунаалы Абдраимов.
Туйгунаалы Абдраимов.

Бүгүн, 27-ноябрда Чүй облусунун мурдагы жетекчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип чыкты. Бул тууралуу өзү "Азаттыкка" кабарлады. Абдраимов атайын кызматка бир күн мурда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалгандарга байланышкан иш боюнча чакырылганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда шайлоодон кийин "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам камалганын билдирген. Алардын төртөөнүн аты бүгүн, 27-ноябрда белгилүү болду. Алар - Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешов, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеевдер. Биринчи май райондук сотунун чечими менен төртөө эки айга камакка алынды.

УКМК кармалган адамдарга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирип, аны иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 27-ноябрда үгүт өнөктүгү токтоду.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG