Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Бийликти басып алууга шек саналгандар арасында талапкер Купешов бар экени белгилүү болду


Бийликти басып алууга шек саналып кармалгандар арасында парламенттик шайлоого "Жашылдар" партиясынын тизмеси менен катышып жаткан талапкер Бекназар Купешов бар экени белгилүү болду. Бул тууралуу анын агасы Деңиз Бекишев "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, талапкер өз үйүнөн кармалган.

"15 киши кармалды деген маалымат чыкпадыбы, ал ошонун катарында экен. Ал "Эл ынтымагы" партиясынын катарында болчу. Аны Бишкектин Тунгуч кичи районундагы үйүнөн кармады. Такси айдачу, үйү жок, батирде турчу, ишкер эмес. Бирок "бийлик элди карабайт, жаштар көчөдө талаадабыз, жарымы мигрант болуп кетти" дегендей пикирлерин Фейсбук баракчасына жазчу", - деди ал.

Бекишов инисинин "бийликти басып алууга" шек саналып жатканына макул эмес.


Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлиги менен биргеликте өлкөдө бийликти күч менен басып алууну пландаштырган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирген.

УКМКнын 26-ноябрда тараткан маалыматына караганда, алдын ала жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде 15тен ашык киши кармалган. Расмий маалыматка караганда, күч түзүмдөрүнө парламенттик шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат түшкөн.

"Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган", - деп жазылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Кармалгандардын аты-жөнүн атайын кызмат ачык айткан жок.

Kaktus.media 26-ноябрдын таңында "Эл ынтымагы" жана "Чүй ынтымагы" коомдук бирикмесинин активдүү мүчөлөрү деп эсептелген Азамат Мусакеев менен Нурбек Калекеев үйлөрү тинтилген соң кармалганын жазган.


Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 26-ноябрь үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG