Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Польша Арменияга вакцинанын 200 миңден ашык дозасын берди


Польша Арменияга берген AstraZeneca вакцинасы.
Польша Арменияга берген AstraZeneca вакцинасы.

Польша Арменияга жалпы баасы 657 миң долларлык Oxford/AstraZeneca вакцинасынын 201 640 дозасын жардам иретинде берди. Калкынын саны үч миллионго жетпкеген Арменияда эмделген жарандар болгону 20% түзөт.

Армения буга чейин жарандарына Орусиянын жана Кытайдын вакциналарын сайып келген. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 7400 киши коронавирустан каза тапкан.

Арменияда эмдөө ыктыярдуу түрдө жүрүүдө, бирок апрелде башталган эмдөө темпин илгерилетүү максатында өкмөт бир катар административдик чараларды киргизген.

1-октябрдан баштап вакцина албаган мамлекеттик мекемелерде жана жеке сектордо эмгектенген жарандар айына эки жолу өз чөнтөгүнөн ПЧР-тест тапшырып турууга милдеттендирилген.

Ушул айдын башында армян өкмөтү тестти ар жумада тапшыра тургандай кылып эрежени өзгөртүүнү пландап жатканын ачыктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG